Таштанды сортточу урналар коюлду
Ж. Садыков атындагы №84 орто мектебинин ичинде жана сыртында таштанды сортточу урналар коюлду. Бул урналар Эл аралык KOIKA уюмунун ыктыярчысы Сафия жана мектептин жаш активистери тарабынан демилгеленип, ишке ашырылды.
Долбоордун максаты окуучуларга таштандыларды кайра иштетүүгө мүмкүн экендигин үйрөтүү. Урналар ар бир таштандынын сортуна карап, сыртына айнек үчүн өзүнчө, пластиктер үчүн өзүнчө, кагаздар үчүн өзүнчө, тамак-аш үчүн өзүнчө деп жазылып окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучуларга үйрөтүп жатабыз.
Комментарии