Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Социалдык-психологиялык кызмат

 Психологдун окуучуга берген сунушу

Менин сүйүктүү окуучум!

Билем, сен азыр кыйын кырдаалга туш келип жатасың. Эшикке чыгалбай, досторуң менен көрүшө албай, спорттук оюндарын ойной албай, төрт дубалда камалып калдың. Бирок бул убакытта өтөт, түн карангылыгынан кийин таң да атат. Биз өзүбүздүн, жакындарыбыздын саламаттыгын жогору коюшубуз керек. Азыркы көрүлүп аткан чаралар убактылуу экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Дистанттык окутуу дагы сага бир катар маселелерди түздү. Кээде интернетке кире албай, электр энергиясы өчүп калгандыктан сабакты телевизордон көрө албай, тапшырма аткаралбай калган учурларың болду. Бирок, сен андан кооптонбошуң керек, анткени кийин деле өздөштүрүп кетсең болот, ошол маалыматты китебиңен окуп, түшүнүп алсаң да болот, ошол тема боюнча башка видеосабактарды көрсөң болот.

Ата-энең менен тил табышканга аракеттен. Аларга чынын айтып, жагдайыңды түшүндүргөнгө аракет кыл. Алар дагы сен үчүн кооптонуп жаткандыгын эсиңен чыгарба.

Үйдө телефон чукуп бош отурбастан денеңдин сактыгын ойлон. Эртең менен гимнастика жаса, туура тамактан. Күн тартибин түзүп, убакытты бөлүштүрүп ал.

Ата-энеге  жардам бергенди  унутпа, алар менен чогуу бол, чогуу китеп оку, тамак жаса, виртуалдык музейлерге саякатта, кызыктуу өлкөлөрдү кыдыр, сүрөт тарт. Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жаса. Мурун жасайм деп көздөп койгон проектилерди ишке ашыр, тил үйрөн. Анткени айтылган нерселер пайдалуу жана сени интеллектуалдык жактан өстүрөт.

Түн ортосуна калбай убагында укта. Эрте тур, спорттук машыгууларды унутпа. Кандайдыр бир чечалбаган маселелериң болсо класс жетекчиңе чалып айт.

Сага  мектеп психологу жардам бере алат. Көйгөйлүү маселелер болсо анын номерине чал.

Шаардын психологдорунун жардамын 111 номерина чалып алсаң болот.

Ар дайым жакшылыктан үмүт үзбөй, позитивде бол!

Жардам керек болсо тартынба, сен жалгыз эмессиң, сага жардам беребиз.

 

Эң негизгиси биз бул кыйынчылыктарды чогуу  жеңебиз!

Психологдун ата-энеге кайрылуусу

Урматтуу ата-эне!

Бүгүн мамлекетибиз, элибиз кыйын кырдаалды башынан өткөзүп жатат. Коомубуздун эң алсыз, бизден көз каранды адамдары бул – балдар. Азыркы дистанттык окутуу мугалимдерге, ата-энелерге, айрыкча балдарга көп кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Анткени биз жалпы дистантык окутууну башыбыздан өткөргөн эмеспиз. Баардык жаңылануулар башында көп кыйынчылыктарды туудурат, андан кийин өз калыбына келип, өзүнүн үзүрлүү жемиштерин берет. Ал үчүн кичине сабырдуулук жана убакыт талап кылынат.

Азыр силер сабактардын жүгүртмөсүн ар бир мүнөт сайын күтүп, телевидениеден берилген сабактарга көңүл буруп, аларды өткөзүп ийбегенге аракет кылып жатасыңар. Санариптик технологиялар заманы болгону менен көп эле ата-энелер воцаптын мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрө албай, ZOOM, Googl Classroom платформаларына кире албай кыйналууда. Анын үстүнө дагы балдар окуу материалдарын өздөштүрө албай ата-эненин кыжырдануусу көбөйүп жатат. Бул учурда, эгерде ата-эне кыжырдануусун баласынан чыгарса, бул жагдай көп маселелерди жаратып, аягы өкүнүчтүү болуп каларын эстен чыгарбайлы. Анткени, балдар биздей эле азыркы учурда эмне кылаарын билбей жатышат. Алар айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын угуп, көрүп биздин тынчсызданганыбызды сезип жатышат. Балдар азыркыдай кыйынчылыктар менен мурун беттешип көргөн эмес, мындай кырдаалды башынан эч качан өткөргөн эмес.

Дистанттык окутууну балдар башында башкача кабыл алышкан. Алар жайкы каникулдай эс алабыз,  убакытты каалагандай өткөрөбүз деп ойлошкон. Бирок бугүнкү күндө алар тамдын төрт дубалына камалып, эшикке чыгууга тыйуу салынып, достору менен көрүшпөй, телевидениеден берилген сабактарды кээ бирөлөрү түшүнбөй, тапшырмаларды аткаралбай кыйналып жатышат. Мурунку учурда сабакта түшүнбөй калганын мугалимден сурап, мугалим ошол замат түшүндүрүп, көрсөтүп берчү.

Азыркы учурда баланын ар кандай жүрүм-турумун, абалын башыңыздардан өткөрүп жатасыздар. Балдар болоор болбоско таарынып, кыялын көрсөтүп, чыр-чатак чыгарып, кээ бирөө коркуп, тынсызданып жатышат. Бул учурлар карантинге тиешелүү адаттар.

Азыркы карантин  кырдаалына жараша,  балдар ата-эне тарабынан  колдоого жана мээримге муктаж экендигин эстен чыгарбашыбыз керек. Бул жагдайдан чыгуу ата-эненин көп убактысын, чыдамдуусун, мээримин, балага арналган сүйүүсүн талап кылат.

Балдарга кол шилтеп, орой мамиле же кайдыгер мамиле кылуу бул балага карата жасаган чыккынчылык. Алар алсыз, чоңдорго көз каранды экендигин, сиздин жардамыңызга муктаж экенин билишибиз керек.

Ошондуктан канчалык кыйналып турсаңызда  балага көңүл бөлүп, ага мээрим төгүп, жылуу, эркелеткен сөздөрүңүздү аябай, алар менен чогуу тапшырма аткарып, китеп окуп, маек куруп, чогуу ойноп,сүрөт тартып, тамак жасап, кинө көрүп, аны талкуулап убакытты өткөрүңүздөр.

Азыркы заманбап технологиялар бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Сиз үй-бүлөңүз менен дүйнө жүзүнүн кызыктуу шаарларына, белгилүү музейлерине виртуалдык саякатто жасай аласыз. Кагаз, картон, кездеме аркылуу жакшынакай буюмдарды жасасаңыз болот. Эң болбогондо диванда чогуу отуруп, өткөн кеткенди эстеп, күлкү, тамаша, жагымдуу маанайды балага тартуулаңыз.

Балдар мектеп прогграммасын өздөштүрө албай калат деген ойдон алыс болуңуз. Аман болсо баардыгына жетишет. Бүт дүйнө жүзүнүн балдары так эле ушундай кырдаалды башынан өткөзүп жатышат. Биринчиден биз балдардын саламаттыгын, анын ичинен психологиялык саламаттыгын сактайлы. Өздөштүрбөй калган окуу программасын кийин, мектепте мугалим аркылуу өздөштүрүп алышат. Ошол себептен баланы сабак билбейсиң деп урушуп, койгулап, жаман сөз айтып психологиялык травмага, неврозго жол түзүп бербейли. Мейли окугусу келбей жатса, кыйналып жатса, баланы кыйнап мажбурлабайлы. Мунун дагы өзүнүн психологиялык себептери бар.  Аны билиш үчүн мектептин психологуна кайрылуу зарыл, ал болбосо 111 номерине чалып  психологдордун акысыз жардамын аласаңыз болот. Сиз жалгыз эмессиз, сизге шаардын психологдору ар дайым жардам бергенге даяр.

Биринчи орунда ар дайым баланын ден соолугу тураарын эстен чыгарбайлы, азыркы кырдаал, албетте, балдардын ички дүйнөсүнө из калтыраары шексиз. Бирок, кандай из калтыраары биздин колубузда.

Урматтуу ата-эне! Балдарыбызды сактайлы, алар биздин келечегибиз, биздин болочок коомубуз. Бул иш аракеттерибизди болочок дени сак коомубузга кошкон салымыбыз деп эсептейли.

Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинин психологу Токорова К.Ж.

 

Психологдун ата-энеге берген сунуштары

Азыркы дистанттык окутуу мугалимдерге, ата-энелерге, айрыкча балдарга көп кыйынчылыктарды туудуруп жатат. Баардык жаңыланүүлар башында көп кыйынчылыктар менен коштолот, андан кийин өз калыбына келет. Ал үчүн кичине сабырдуулук жана убакыт талап кылынат.                                                                                                                                                                         Балдар айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканын угуп, көрүп, биздин тынчсызданганыбызды сезип жатышат. Аларды сооротуп, негативдүү маалыматтардан арылтып, анын жанында болууга милдеттүүбүз.Балдар азыркыдай кынчылыктар менен мурун беттешип көргөн эмес. Ошондуктан карантин убактылуу чара экенин, ооруну биз тартип менен, гигиенаны сактоо менен жеңерибизди түшүндүрүнүз.

Дистанттык окутуу бала үчүн дагы оңой болгон жок. Тапшырма аткарууда бир нече кыйынчылыктарды жаратты. Бала окуу материалдарын кийин деле өздөштүрүп кетерин эстен чыгарбаш керек. Тапшырма аткарганда балага жаман сөз айтып, урбаш керек. Анын психикасына аяр мамиле кылуу зарыл. Оору кетет, бала сени менен өмүр бою калат.

Балага күн тартибин түзүп, убактысын бөлүштүрүп бергиле.

Эртең менен аны жылуу сөздөр менен ойготуп, аны менен кошо гимнастика жасагыла. Анткени эртең менен кандай маанай менен турса, ал кечке чейин ошол маанайда болот.

Тапшырмаларды аткарганда жанында бол. Бирок өзүңдү кармап, балага түшүнбөгөнүн жай отуруп түшүндүрүп бер.

Үй жумуштарын чогуу жасагыла. Үйдү ирээтке келтирүүнү оюнга да айлантса болот.

Тамакты чогу жасагыла, аны менен кеңешип меню түзгүлө. Ден соолукка эмне пайдалуу жана зыян экендиги жөнүндө айтып берип, ал жөнүндө талкуу жүргүзгүлө.

Аны менен китеп окуу, виртуалдык музейлерге саякатта, интернет аркылуу кызыкту өлкөлөрдү кыдыр, аны менен сүрөт тарт.Кагаздан, кездемеден кызыктуу буюмдарды жасаганга үйрөт. Аны менен чогуу жаса.

Түн ортосуна калбай, убактысында уктаганга үйрөт. Эрте жатып, эрте турганда бала сергек болот.

Негизгиси балага урушуп, кыйкырып, андан күчүңүздү чыгарбаңыз. Ачууңүздү тыйганга аракет кылыңыз. Эшикке чыгып кетип, башка нерсеге алаксыганга аракет кылыңыз.

Бала сиз айткандардын баарын туурайт: сиз жасаганды жасайт, сиз айтканды айтат. Ошондуктан тарбияны өзүбүздөн баштайлы!

Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинин психологу Токорова К.Ж.

Психологдун мугалимдерге берген сунуштары

Урматтуу мугалимдер!

Бүгүнкү өзгөчө кырдаал мезгили бизге көптөгөн кыйынчылыктарды туудурбай койгон жок. Биринчиден көп убакты сарптаган сабак даярдоо, жана үй-тапшырмасын текшерүү. Кээ бир учурларда ата-эненин кырдаалды түшүнбөстүгү дагы жагымсыз жагдайларды жаратып жатат. Бирок бул жагдайларга карабастан, мугалим кесибин тандап алгандан кийин сабырдуу болушубуз керек. Бүгүнкү кундө ата-энеге да, окуучуга да, мугалимге да кыйын болду. Ошондуктан биргелеп, ынтымакта жагдайдан чыгышыбыз керек.

Ата-энелерге маалыматты туура жеткизип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Айрыкча жашоо шарты оор, же болбосо мектептин жана психологдун көзөмөлүндө ар кандай себептер менен каттоодо турган балдарга өзгөчө көңүл буруп, өзгөчө мамиле кылышыбыз керек.

Бул балдарга чалып,  ата-энесине Watsapp аркылуу байланышып, аларга моралдык жактан колдоо көрсөтүп турууну сунуш кылат элем. Ошондой эле класстарда мүнөзү оор, түнт, суицидге барууга коркунучу бар балдарды өзгөчө көзөмөлгө алыңыздар жана мага тизмесин телефондору менен берип коюнуздарды  суранам.

Дистанттык окутуу балдарды стресске учуратып, коркуу сезимин дагы жогорулатып жатат. Азыркы телевидениеде короновирус жөнүндө берилип жаткан ар кандай маалыматтарга кошулуп дистанттык окутуу боюнча кыйынчылыктар дагы баланын психикасына өз таасирин тийгизип жатат.  Ошондуктан үй-тапшырмасын берүүдө көлөмүн көбөйтүп, талапты катуу койгонго каршы элем. Тапшырма, талапты аткарбаса дагы  бизге баланын ден соолугу зарыл. Азыр түшүнбөгөн сабакты кийин түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Балага аяр мимиле кылып, аларга колдоо көрсөтүп, жылуу сөздөрдү аябайлы. Бирөөнүн баласына одоно мамиле кылуу менен бирөөнүн кырчындай болгон өмүрүн акыркы тамчы болуп кыйып албайлы.

Мектеп психологунун байланыш телефонун жана психологдордун акысыз кызматынын байланыш номерин 111 ата-энелерге жана балдарга маалымдагыла.

№84 орто мектебинин психологунун байланыш телефону 0708914323. (Каир Жыргалбаевна)