Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Мектепке электрондук каттоо

2021-2022-окуу жылына карата “Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу 2021-жылдын 15-февралынан тартып башталат.

“Мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо, балдарды мектепке киргизүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу болуп саналат.

Мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы), жалпы билим берүү уюмуна жакын жайгашкан территорияда жашаган/жашабаган балдар “Мектепке электрондук каттоо” АМС аркылуу биринчи класска кабыл алынат. Система мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин администрациясына мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө милдеттүү болуп саналат.

Мектеп курагына жеткен (6-7 жаш жана андан жогору) бардык балдар (Кыргыз Республикасынын көмөкчү мектептеринде жана класстарында окуган балдарды кошпогондо) “Электрондук каттоо” АМС каттоодон өтүп, алардын билим деңгээлине карабастан биринчи класска дайындалат.

2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин  жүргүзүлөт.

 

Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

– мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун биринчи классында орун алуу үчүн учурдагы жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg сайтында мектеп жашына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) баланы “Мектепке электрондук каттоо” АМСте каттоого;

– баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алган күндөн баштап, учурдагы жылдын 5-сентябрынан кечиктирбестен, мамлекеттик жана муницпалдык жалпы билим берүү уюмуна тиешелүү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.

“Мектепке электрондук каттоо” АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:

– аскер кызматчыларынын балдары, үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча;

– тийиштүү маалымкатты берүү менен Кыргыз Республикасына көчүп келген, Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары.