Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Новости

2020-2021-окуу жылынын 25-май айында атайын түзүлгөн графиктин негизинде  11-класстын бүтурүүчүлөрүнө “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү.Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинин директору Иманалиева Динара Капашовнага жана “Акыркы коңгуроо” салтанатынын коногу Бишкек шаардык Билим Берүү башкармалыгынын башкы адиси Тешебаева Урумкан  Болотбековнага бүтүрүүчүлөрдү куттуктоого сөз берилди.
25.05.2021 66
“Үй бүлөлөрдү өнүктүрүү” борборунун өнөктөштөрү Ли Сонг Юль жана Чхве Док Хи окуучулар арасында сүрөт конкурсун жарыялап,”эң мыкты” тартылган сүрөттөргө өздөрүнүн баалуу белектерин тапшырышты.
25.05.2021 61
9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинде окуучулар арасында “Өлбөс полк” акциясы башталды.”Эч ким эч качан унутулбайт” деген темада атайын бурч уюштурулду.
06.05.2021 46
Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинин 11-классынын окуучулары 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата “Пантера” аттуу аскердик бөлүмгө барышып,аскерлердин 1 күндүк жашоосу менен таанышып келишти.
29.04.2021 42
23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө” карата  Ленин районундагы Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинде “Окуу керемет” долбоору менен биргеликте “Китеп билим булагы” аттуу  иш-чара өткөрүлдү.Окуучулар ар түрдүү жомокторду,китептерди окуп беришти.Чыгармадагы каармандар менен таанышышты.Андан тышкары мектептин фойесинде атайын бурч уюштурулуп,ал жака окуучулар өздөрүнө жаккан окуу китептерин,чыгармаларын,китеп жөнүндө макал-лакаптарды жазып салышты.
27.04.2021 64
3-март Кыргыз Республикасынын  Туусу кабыл алынган күн.2021-жылдын  3-мартында 9 жана 11-класстын окуучулары тарабынан салтанаттуу линейка өтүлдү.
27.04.2021 40
2020-жылдын 22-сентябрда 1-класстардын окуучуларына  “Абайла!Балдар!” аттуу темада сүрөт конкурсу өтүлдү.Жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол чырактан кантип өтүү керек,мүмкүн болушунча автоунаа  жүрө турган бөлүктөн  алысыраак басуу керек экендиги тууралуу милициянын кенже лейтенанты Тагайбеков А кеңири маалымат берди.
27.04.2021 41
2021-жылдын  13-февралында “Күч бирдикте” аттуу райондук конкурс болуп өттү.Конкурска Ленин районундагы мектептердин эң таланттуу окуучулары келип катышышты.
26.04.2021 43
Укук бузууну алдын алуу боюнча биздин мектепте тарых мугалимдери: Дүйшөналиева Роза жана Жолдошова Айгерим Адам укуктары боюнча 9-10-класстын окуучуларына тарбиялык саат отүштү.
17.12.2019 163
Биздин мектепте математика сабагы боюнча ачык сааттар өтүлдү.  
17.12.2019 160
1 / 41234