Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Мектептин ШСУ

Жалил Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү

орто мекемесинин

 Уставы

 

1.Жалпы жоболор

 

  • “Жалил Садыков атындагы №84 жалпы билим берүү орто” мекемеси (мындан ары – Мектеп) башталгыч жалпы, негизги орто жана жалпы орто билим берүү окуу программаларын ишке ашыруучу муниципалдык жалпы билим берүү мекемеси болуп эсептелинет.

1.2. Мектептин уюмдаштыруучусу болуп Бишкек шаарынын Пушкин көчөсү 125 дареги боюнча жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү мекемеси

 

1.3. Мектептин уюштуруу- укуктук формасы – ыкчам башкаруу укугунда муниципалдык жалпы билим берүү мекемеси.

 

1.4. Мектеп өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарына жана тескемелерине жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.

1.5. Жалпы билим берүү мекемеси чектелбеген мөөнөткө түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоону өтөт.

1.6. Жалпы билим берүү мекемесинин толук аталышы:

Мамлекеттик тилде- “Жалил Садыков атындагы № 84 жалпы билим берүү орто мектеби” мекемеси (кыскартылганда – ОМ)

Расмий тилде – Учреждение “Средняя общеобразовательная школа № 84 имени Жалила Садыкова” (сокращенное – СОШ №84)”

 

1.7. Мектептин юридикалык дареги, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, “Ак-Өргө” ж/к, М.Омуракунов көчөсү, 45. тел. 41-01-36

 

II.Укуктук статусу

 

2.1. Мектеп, мамлекеттик катталган датасынан баштап, каржылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалуулук, өзүнө мүлк, өз алдынчалык балансы, мөөрү, өзүнүн аталышындагы кыргыз жана орус тилдеринде  штампы жана бланктары, казна органдарында жана башка  каржылык – насыя мекемелеринде өздүк эсеби болгон юридикалык жак болуп эсептелинет.

2.2.  Мектептин мүлкү оперативдүү башкаруу укугунун негизинде, Мектеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат.

 

Мектептин мүлкүнүн курамына төмөнкүлөр кирет: негизги каражаттар, жабдуулар, инвентарь, жер үлүшү жана башкалар.

 

2.3. Мектеп Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте илимий-изилдөө, маданий-агартуучу  жана башка иштердин түрү маселелери боюнча  эл аралык уюмдардын фонддору, ӨЭУ, ЖОЖ, орто кесиптик билим берүү уюмдары, ишканалар, фирмалар жана юридикалык жана жеке жактар менен түздөн түз байланыштарды ишке ашырат

Кызматташуунун баардык түрү келишимдердин жана өз ара эсептешүүлөрдүн негизинде ишке ашырылат.

 

2.4. Мектеп педагогикалык, илимий жана башка эл аралык ассоциация жана бирикмелерге кирүүгө, олимпиадаларга, конференцияларга, конгресстерге жана кызматташуунун башка түрлөрүнө катыша алат.

 

Жалпы билим берүү мекемеси тиешелүү органдардын макулдугу менен өзүнө бекитилген мүлктөрдү тиешелүү мыйзамдардын негизинде ижарага берүү укугуна ээ. Ижарадан түшкөн кирешени көрсөтүлгөн максатта пайдаланат.

 

2.5. Мектеп, аны жалпы аккредитациялоо, окуу, илимий, маданий жана материалдык колдоо максатында каалаган уюмдарга аны менен катар эл аралык уюмдарга да кайрыла алат.

 

2.6. Мектепке тартуу, кайыр садага же керээз формасында ага юридикалык жана жеке жактар менен берилген акча каражаттарына, мүлккө жана башка менчик объекттерине, ошондой эле Мектептин өзүнүн ишмердигинен алынган кирешеге, ушул кирешелер менен ээ болгон менчик объекттерине менчик укугу тиешелүү.

 

2.7. Мектеп уюмдаштыруунун макулдугу менен мыйзамга ылайык ага бекитилген мүлктү ижарага берүүгө укуктуу. Ижарага берилген мүлктөн алынган киреше уставдык максаттар үчүн пайдаланылат.

 

2.8. Мектеп мыйзамда каралган бардык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү ишке ашырууга, сотто доочу жана жооптуу болууга, жана башка укуктарга жана милдеттерге ээ болуу укугуна ээ.

 

2.9. Мектептин иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте аттестацияга баш ийет

 

2.10. Уюштуруучулар Мектеп боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, тартипте жана чектерде жооп беришет

 

 

III. Мектептин иш-аракеттеринин предмети жана максаттары

 

3.1. Мектептин негизги максаты окуучулардын жалпы билим берүү программаларынын эң аз деген милдеттүү мазмунун өздөштүрүүнүн негизинде, аларды коомдук турмушка адаптациялоону, аңдап сезүү менен тандоону жана  кийинчерээк кесиптик билимдик программаны өздөштүрүүнү жана жарандуулук тарбиянын негизин түзүү; окуучулардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жактан өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү жана заманбап билим берүү процессинде адаптация боло турган мүмкүнчүлүгүнүн өздүгүн түзүү болуп эсептелет.

 

3.2. Мектептин иш-аракетинин предмети  башталгыч жалпы, негизги орто жана жалпы орто билим берүү  программаларын ишке ашыруу.

 

3.4. Мектептин окуучуларына өнүгүү иштеринин ар кандай каражаттарынын жардамы менен чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр берилет. Бир топ жакшы даярдалган окуучуларга жеке окутуу пландары жана программалары боюнча сабактар, ошондой эле айрым курстарды өздөштүрүү укугу берилет

 

  1. Иш-аракеттердин негизги принциптери

 

4.1. Мектеп төмөнкү принциптердин негизинде иш жүргүзөт:

 

– сапаттуу билим алууга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары тең укуктуу;

– мамлекеттик билим стандарттарын так аткаруу;

– натыйжалуу билим тутумун түзүү;

– жалпы билим берүү мекемесинин каржылык өз алдынчалыгын камсыз кылуу;

– мамлекеттик каржы ресурстарын рационалдуу пайдалануу;

– жалпы билим берүү мекемесин бир окуучуга бирдиктүү стандартташтырылган каржылоо стандарттарынын негизинде бюджеттик каржылоону камсыз кылуу;

– окуу  процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

– мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде ар бир жаран башталгыч жалпы жана негизги билимди милдеттүү жана акысыз алуусу;

– акылуу кошумча билимдин жана башка кызматтардын негизинде түшкөн киреше каражаттарын өзүнчө баланста эсепке алуу менен пайдалануунун өз алдынчалуулугу;

– жалпы билим берүү мекемесинин каржылык иш-аракеттерин коомдук    -мамлекеттик көзөмөлдөөдө ачык-айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү;

Билимдин саясий жана диний институттардан, дин аралашпаган мүнөздөгү окутуудан көз карандысыздык.

 

 

  1. Укуктары жана милдеттери

 

5.1. Мектеп максаттарына жетүүсү үчүн өз иш-милдеттерин  аткарууда төмөнкүдөй укуктарга ээ:

– чыгаша сметаларын жана анын өзгөртүүлөрдү өз алдынча иштеп чыгуу жана бекитүүгө;

– өзүнүн материалдык-техникалык, каржылык жана кадрдык ресурстарды өз алдынча пайдаланууга;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде башталгыч жалпы, негизги орто жана жалпы орто билим берүү  окуу программаларын ишке ашырууну камсыз кылууга

– Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын негизги жоболоруна тиешелүү каражаттарды жана окутуу усулдарын жана тарбиялоо формаларын тандоого, түзүүгө жана пайдаланууга болгон көзкарандысыздуулукка;

– башталгыч жалпы жана негизги жалпы билим берүү деңгээлинде, ошол аймакта жашаган жана негизги жалпы билим алууга укуктуу, окутууга жаткан бардык адамдарды кабыл алуу (берилген аймакта жашабагандарга мекемеде орун жок калган себептерде гана кабыл алуудан баш тартууга мүмкүн болот);

-“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    талаптарына ылайык баалоо тутумун, студенттерди аралык аттестациялоонун формаларын, тартибин жана мезгилдүүлүгүн тандоодо көзкарандысыздыкка;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы билим берүү мекемесинин күбөлөндүрүлгөн мөөрү менен билим деңгээлинин мамлекеттик үлгүдөгү документин тапшырууну бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясын өткөрүүгө;

-окуу-тарбиялоо процесстерин жакшыртуу үчүн зарыл болгон ар кандай өнүгүүчү ийримдердин жана спорттук секциялар жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн программалары, 1 класска (даярдоо класстары) балдарды даярдоо үчүн программалар, репетитордук, тартиптин атайын курстарын жана циклдарын жүргүзүү, негизги жалпы билим берүү программалары, аны менен катар жогорку окуу жайына болгон даярдыкка чейинки ар кандай мөөнөтү жана деңгээли боюнча билим берүү программаларынын чегинде кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууга;

– билим берүү процессин оптимизациялоодо каржы ресурстарын рационалдуу пайдалануу максатында, уюштуруучунун демилгеси менен же макулдугу менен филиалдарды түзүү же жоюу;

– улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;

-жалпы билим берүү боюнча иштердин уюштуруу жана жакшыртуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруунун жогору турган органдарына жана кызмат адамдарына сунуштарды киргизүүгө;

– билим берүүнү өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, билим берүүнүн коомдук уюмдарына, аны менен катар эл аралык билим берүү уюмдарына кирүүгө жана алардын иш аракеттерине катышууга;

 

5.2. Мектеп төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү:

 

– жалпы билим берүү сапатын жана анын мамлекеттик үлгүдөгү стандарттарына дал келүүсүн;

– окуучуларга билим берүү процессин уюштурууда жаш курактык психологиялык өзгөчөлүктөрүнө, бир тараптуулугуна, жөндөмдүүлүгүнө, кызыкчылыктарына, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо талаптарына карап колдонгон формалардын, усулдардын жана каражаттардын адекваттуулугун;

– санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышын;

– чектеш билим берүү деңгээлдеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүсүн жана үзгүлтүксүздүгүн;

– окуучулардын санитардык- гигиеналык тарбиясын жана сергек жашоо образын пропагандалоону;

5.3. Окуучуларга карата күч жана психикалык зомбулук методдорун колдонууга жол берилбейт.

5.5. Мектепте саясий партияларын, коомдук- саясий, диний кыймылдарын жана уюмдарын түзүүгө жана иш алып барууга жол берилбейт.

5.6. Окуучуларды коомдук, коомдук-саясий уюмдарга, кыймылдарга жана партияларга, ошондой эле ал уюмдардын иш-аракеттерине мажбурлап тартууга жана агитациялык кампанияларга жана саясий акцияларга катышуусуна мажбурлоого тыюу салынат.

 

 

  1. Окуу процесси

 

6.1. Мектепте окуу мамлекеттик жана расмий тилдеринде жүргүзүлөт. Мектеп мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил катары кыргыз тилин үйрөнүүнү ишке ашырат.  Орус тил Кыргыз Республикасынын расмий тили болуп саналып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген Базистик окутуу планына ылайык бир чет тили жана башка чет тилдери Мектептин администрациясынын кароосу менен келишимдик негизде окутулат.

 

6.2. Биринчи класска 6 жаштан баштап, бирок 7 жаштан кеч эмес балдар кабыл алынат, ата-энесинин (же алардын ордун ээлеген адамдын) каалоосу менен.

 

6.3.Балдарды мектепке кабыл алуу мектептин участогу боюнча жашаган жана медициналык каршы келүүлөрү жок  балдарды окутууга тийиштүү балдарды кабыл алууну камсыз кылган КР ББжИМ буйругу менен бекитилген  “Жалпы билим берүү мекемеси тууралуу  Типтүү жобо менен” регламенттеленет.

6.4. Мектеп жалпы билим берүү программасынын деңгээлине ылайык билим берүүнү процессин ишке ашырат:

1 – баскыч – башталгыч жалпы билим берүү (4 жыл);

2 – баскыч – негизгижалпыбилимберүү (5 жыл);

3 – баскыч – ортожалпыбилимберүү (2 жыл);

 

Мектепте жалпы билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан, бекитилген жана ишке ашырылган программалары менен аныкталат.

6.5. Мектепте жалпы билим берүү  процессин уюштуруу базалык окуу планына ылайык сабактардын расписаниесинин негизинде түзүлөт. Ошону менен бирге жалпы билим берүү мекемеси төмөнкү график боюнча иштейт:

1-баскыч — беш күндүк иш жумасы.

2-баскыч – алты күндүк иш жумасы.

3-баскыч – беш күндүк иш жумасы жана кошумча бир күн өзүн-өзү даярдоо.

6.6. Академиялык сааттын узактыгы – 45 мүнөт, биринчи класстарга 40 мүнөт.

6.7. Окутуу жылынын узактыгы 1 (биринчи) класста 33 жума, 2-11 класстарда – 34 жума.

6.8. Каникулдун узактыгы окуу жылынын аралыгында  белгиленет жана 30 календардык күн, жайында 8 ден кем эмес календардык жуманы түзөт.

6.9. Окуу чейрегинин башталышы жана аякташы, каникулдардын узактыгы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен регламенттелет.

6.11. Мектеп ата -эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу жана суроо-талабы боюнча акы төлөнүүчү негизде кошумча окутуу тобун жана мектепте окууга карата окуучуларды даярдоо боюнча топту ачууга укуктуу.

6.12. Окуучу, жалпы билим берүү программасын толук кандуу өздөштүрүп, кийинки класска которулат. Кийинки жылга окуучу окуу жылынын жыйынтыгында бир предметтен академиялык карызы менен шарттуу түрдө которула алышы мүмкүн. Башталгыч, жалпы жана негизги  жалпы билим берүү баскычтарында окуу жылынын программасын өздөштүрө албай калган учурда, эки же андан ашык предметтен академиялык карызы болсо, кайра ошол класска калтырылат.

Которуу Педагогикалык кеңештин  чечими менен гана жүргүзүлөт. Окуучулар, мурунку баскычтын жалпы билим берүү программасын өздөштүрө алышпаса, жалпы билим берүүнүн кийинки баскычына өтүүгө уруксаат берилбейт.

6.13. Жалпы билим берүү программасын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдүн негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүсү менен аяктап милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациясы менен аяктайт. Жалпы билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестациясы Кыргыз Республикасынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

6.14. Мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу аттестацияны өткөндөн кийин жалпы билим берүү мекемесинин күбөлөндүрүлгөн мөөрү бар, мамлекеттик үлгүдөгү билим деңгээли жөнүндө документ тапшырылат. Орто жалпы билим берүүнүн жалпы билим берүү программасын өздөштүрүүдө өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчүлөр өзгөчө үлгүдөгү күбөлүк жана аттестат алышат.

6.15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 токтомуна ылайык Мектеп социалдык жактан корголбогон  балдарга акысыз негизде кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтө алат.

6.16. Мектеп окуучунун ата-энесинин каалоосу боюнча бекитилген окуу планы боюнча ар кандай кошумча акылуу билим кызматын көрсөтө алат. Алардын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы №563 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

6.17. Класстардын саны класстарды толтуруунун санитардык жана чектөө нормаларын эске алуу менен жарандардан келип түшкөн арыздардардан көз каранды.

6.18. Окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (же алардын ордун ээлеген адамдар) кызыкчылыктарын эске алуу менен  уюмдаштыруучулар менен макулдашуу боюнча, бюджет боюнча бөлүнгөн каражаттардын  чегинде (100, 240 сааттык программа) же келишимдик негизде Мектепте даярдоо класстары ачылышы мүмкүн.

6.19. Мектептеги окуучуларга акысыз медициналык кызмат атайын саламаттыкты сактоо мекемеси тарабынан бекитилген (медициналык кызматкерлер), администрация жана педагогикалык кызматкерлер менен бирге дарылоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө, санитардык-гигиеналык нормаларды, режимди жана окуучулардын сапаттуу тамактануусун көзөмөлдөөгө жоопкерчилик алышат.

-кошумча (акылуу) билим берүү кызматын алууга;

– Устав аркылуу аныкталган Мектептин башкаруу формаларына  катышууга;

-кружоктордо жана  клубдарда ж.б. белгиленбеген убакта чыгармачыл жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө;

– адамдын кадыр-баркын, намыстык жана маалыматтык эркиндигин урматтоо, жеке оюн жана көз карашын эркин билдирүүгө.

7.9. Окуучуларга карата физикалык жана психикалык зомбулук ыкмасын пайдаланууга уруксаат берилбейт.

7.10. Окуучуларды коомдук уюмдарга мажбурлап киргизүүгө,  жана ошондой эле бул уюмдардын иш-аракетине катышууга жана агитациялык кампанияларга катышууга уруксат берилбейт.

7.11. Окуу программасын толук кандуу өздөштүргөн окуучулар кийинки класстарга которулат.

7.12. Мектепте окугандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

-Мектептин Уставын сактоого жан аткарууга, Ички тартиптин Эрежелерин сактоого;

-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;

-тиешелүү окуу пландары жана программалары каралган милдеттердин баардык түрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга;

-демократияга умтулууга, жалпы маданиятты жогорулатууга, өзүн өзү контролдоого тарбиялануу, толеранттуулук жана жоопкерчиликти билүү;

-Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган башка элдердин жана кыргыздын үрп-адаттарын сыйлоого;

-Мектептин мүлкүнө жана окутуунун техникалык каражаттарына аяр мамиле кылууга, класстагы эмеректерге оңдоо иштерин зарыл болгон учурда жүргүзүүгө, окуучунун күнөөсү боюнча мүлккө зыян келтирилсе ата-эне менен биргеликте келтирилген зыянды кайтарууга;

-ак ниеттүүлүк менен окууга, сабактарды себепсиз калтырбоого;

-мектеп кийимине тиешелүү Мектептин талаптарын аткарууга;

-башка окуучулардын жана кызматкерлердин намысын жана кадыр-баркын урматтоого, алар карата одоно жаман мамилелерге жол бербөөгө;

-Устав жана Ички тартиптин эрежелерине тиешелүү бөлүгүндө кызматкерлердин талаптарын аткарууга;

Мектептин тартиби окуучулардын, педагогдордун жана кызматкерлеринин адамдык кадыр-баркын урматтоонун негизинде колдоого алынат.

7.13.Мектептин окуучуларына төмөнкүлөр боюнча катуу тыюу салынат:

-курал, спирттик ичимдиктерди, тамеки түрүн, ууландыруучу жана баңгизаттарды алып келүүгө, берүүгө же пайдаланууга, айлана чөйрөдөгүлөргө моралдык – психикалык басып көрсөтүүгө;

-окуу процесси убагында мобилдик телефонду колдонууга;

-жарылууларга жана өрт чыгууга алып келүүчү ар кандай каражаттарды жана буюмдарды колдонууга;

-мамилелерди билүүгө, коркутуу жана опузалап коркутуу үчүн күч колдонууга;

-айланадагылар үчүн коркунучтуу натыйжаларды алып келүүчү ар кандай аракеттерди жүргүзүүгө.

Окуучулардын башка милдеттери жергиликтүү ченемдик актылар, техникалык коопсуздук боюнча эрежелер, Мектептин директорунун буйруктары менен белгиленет.

 

 

 

VII. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери.

 

7.1. Мектептеокуу процессинин катышуучулары болуп окуучулар, педагогикалык кызматкерлер жана окуучулардын ата- энелери (же алардын ордун ээлеген адамдар) эсептелинет.

 

7.2. Мектепкекабыл алуу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана ушул берилген Уставга ылайык жүргүзүлөт.

 

7.3. Жалпы орто билим алуу үчүн Мектепке кабыл алуу окуучулардын ата-энелеринин (же алардын ордун ээлеген адамдар) арызы боюнча жүргүзүлөт.

7.4. Мектепке алууда балдардын ден соолугунун абалына жана медициналык терс көрсөткүчтөрдүн жоктугуна көңүл бурулат.

7.5. Мектепке окуучуну киргизүү үчүн  ата-энелер (же алардын ордун ээлеген адамдар) төмөнкү документтерди сунуштайт:

-Мектептин жетекчисинин атына арыз;

-катталуусу менен ата-эненин (же алардын ордун ээлеген адамдар) паспорту;

-туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

-баланын медициналык картасы (форма 63 жана форма 26) жана массалык мектепте окуу мүмкүнчүлүгү тууралуу медиктердин справкасы;

-жашаган жеринен маалымкат;

-бала мурда окуган жалпы билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жылдык баалары менен өздүк дело; окуу жылынын аралыгында которулууда бала мурда окуган жалпы билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн баардык предметтер боюнча күндөлүк баалардын табели сунушталат

-толук эмес орто билим тууралуу күбөлүк (10 жана 11-класстардын окуучулары үчүн.

7.6.Мектеп окууга тапшыруучуну жана анын ата- энелерин (же алардын ордун ээлеген адамдар) Устав жана билим берүү процессин уюштурууну регламенттөөчү башка да документтер менен тааныштырууга милдеттүү.

7.7. Окуучулардын  жана алардын  ата- энелеринин (же алардын ордун ээлеген адамдар) укук жана милдеттери жалпы билим берүү уюму тууралуу (Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 буйругу менен бекитилген) Типтүү жобонун негизде Мектептин Уставы менен аныкталат

7.8. Мектепте окугандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

-“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган көлөмдө акысыз жалпы орто билим алууга;

-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын макулдашуу боюнча  билим берүү формасын (күндүзгү билим, сырттан окуу, экстернат жана үй-бүлөлүк билим) тандоого;

– мамлекеттик билим берүү стандаратынын алкагында индивидуалдуу окуу программасын тездетилген окууда окууга. Индивидуалдуу окуу программасын Мектептин Уставы жана ага тиешелүү кабыл алынган жоболор менен жөнгө салынат;

–  мектептин китептик-маалыматтык, маданий-спорттук жана башка ресурстарын пайдаланууга;

7.14. Ата-энелер (же алардын ордун ээлеген адамдар)төмөнкүлөргө укуктуу:

– жалпы билим берүү мекемесинен билим берүү мекемесин жана окутуу формаларын тандоого;

– балдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого. Бул максаттар менен ата-энелер мектептин директоруна жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу, арыз берилген күндөн тартып бир айдан кийин кечиктирилбей жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Куюлган баанын объективдүүлүгү боюнча ата-эне жана мугалим аралык келишпестиктер болгон учурда окуучунун билимин текшерген жана тиешелүү баа койгон адистер-предметниктер (методист жана уюмдаштыруучунун өкүлүн тартуу) көз карандысыз комиссия түзүлөт;

-педагогикалык кеңештерде катышууга жана алардын баласынын жетишкендиктери, тартиби жана сабакка келүүсү тууралуу маселелер териштирилген учурда талкууга катышууга;

-билим берүү процессинин жүрүшү жана мазмуну менен, окуучунун жетишкендиктери менен таанышууга жана бул максаттар менен бала окуган класстагы мугалимдин сабагына катышууга укуктуу(Мектептин директорунун жазуу жүзүндөгү уруксаты жана сабакты алып барган мугалимдин макулдугу менен);

-мектепке барууга жана аларда акыркы сабак аяктагандан кийин (окуу-тарбиялоо процессинин жыйнактыгын бузбоо үчүн) же белгиленген убакта мугалим менен пикир алышууга;

-ушул Устав менен белгиленген формада Мектептин башкарууда катышууга.

-мектептин ар тараптуу өнүгүүсүн колдоо максатында коомдук бирикмелерди жана фонддорду түзүүгө, окуу тарбиялоо процесстерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.

7.15. Ата-энелер  (же алардын ордун ээлеген адамдар) милдеттүү:

Мектептин Уставын аткарууга;

7.15.1. баланын негизги милдеттүү жана жалпы орто билимди алуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө;

7.15.2 академиялык бересенин бала менен жоюуну камсыз кылууга;

7.15.3 ата-энелер чогулушуна барууга, педагогдордун жана администрациянын өтүнүчү боюнча мектепке келүүгө;

7.15.4 окуучунун ден соолугуна кам көрүүгө, анын ооруп калгандыгы тууралуу өз убагында мектепке билдирүүгө, окуучу 3 күндөн ашык сабакка келбеген учурда дарыгерден справка алып келүүгө;

7.15.5 ушул Устав менен каралгандай окуучунун күнөөсү боюнча Мектепке келтирилген зыянды кайтарууга;

7.15.6 келишимге ылайык акы төлөнүүчү кошумча билим берүү кызматтары үчүн төлөмдү өз убагында төлөөгө;

7.15.7 башка окуучулардын, алардын ата-энелеринин  (же алардын ордун ээлеген адамдар) жана мектептин кызматкерлеринин кадыр-баркын сыйлоого;

7.15.8 педагогдор жана Мектептин кызматкерлерине тиешелүү жүрүм-турум этикасын сактоого;

7.15.9 баланы тарбиялоодо жоопкерчиликти алууга;

7.15.10 окуу-тарбиялоо процессине таасир бербөөгө;

7.15.11 Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын принциптерин сактоого.

7.16. Ата-энелердин  (же алардын ордун ээлеген адамдардын) башка укук жана милдеттери ушул Уставга ылайык алар жана Мектеп аралык түзүлгөн  келишимде бекитилиши мүмкүн.

7.17. Мектептин персоналын топтоо тартиби ушул Устав аркылуу жөнгө салынат.Педагогикалык ишке билими тууралуу тастыкталган документтери бар, кызмат орду жана алган адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына тиешелүү керектүү педагогикалык квалификацияга ээ болгон жактар кабыл алынат, ошондой эле атайын билими жок жактар мектептин директорунун кароосу боюнча РББ менен макулдашуу боюнча өндүрүштүк зарыл учурда кабыл алынышы мүмкүн.;

7.18. Мектептин администрациясынын жана кызматкерлердин мамилелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынат.

 

7.19. Мектептин  кызматкерлери төмөнкү уктарга ээ:

 

– ушул Устав менен белгиленген тартипте Мектепти башкаруусуна катышууга;

– профессионалдуу намысын жана  кадыр баркын коргоого;

– мамлекеттик билим стандарттарынын негизги жоболоруна жана билим жаатындагы башка ченемдик документтерге ылайык, эркин тандоого, окуу жана тарбия ыкмаларын, окуу китептерин, окуу куралдарын жана материалдарын, окуучулардын билимин баалоо ыкмасын, шык жана жөндөмдөрүн  түзүүгө жана пайдаланууга;

-практикада алдынкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууга;

– кесиптик квалификациясын жогорулатууга;

-тиешелүү квалификациялык категориядан аттестация өтүүгө.

 

7.20 Мектептин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

 

– Мектептин Уставын жана педагогикалык этиканын ченемдерин сактоого жана аткарууга;

-мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлиндеги жалпы билим берүү программаларын окуучулар менен өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;

-окуучулардын жогорку адеп-ахлактуулук сапатын калыптандыруу, ишке чыгармачыл мамиле кылууну жана өз алдынчалуулугун өнүктүрүү

-эмгек келишими боюнча кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келүү;

-өзүнүн кесиптик деңгээлин туруктуу жакшыртып туруу жана квалификациясын жогорулатууга;

-окуучуларга карата моралдык жана күч зомбулук методдорун кабыл албоо;

-мезгилдүү медициналык текшерүүдөн өтүп турууга;

-педагогикалык кеңештерде жана жыйындарда катышууга;

-окуучулрадын ата-энелери менен туруктуу байланышта болууга;

-белгиленген тартипте документтерди жүргүзүү жана тутуу, мектептин администрациясына зарыл болгон маалыматтарды берүүгө.

7.21. Мектептин башка категориядагы персоналынын укук жана милдеттери ушул Уставдын негизинде иштелип чыккан тиешелүү кызмат орундук нускама менен аныкталат.

 

VIII. Мектептин түзүмү

 

8.1. Мектептин түзүмү Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, мектептин директору тарабынан койгон маселелерди эске алуу менен жана ушул Устав менен бекитилет.

8.2. Кызматкерлердин саны каржы ресурстарына жана окуучулардын санына карап, жалпы билим берүү мекемеси тарабынан өз алдынча аныкталат.

Кызматкерлердин функционалдык милдеттери Директор менен ички жоболор менен аныкталат.

 

IX.Мектепти башкаруу

 

9.1. Мектепти башкаруу Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык жана ушул Устав менен демократиялуулук принциптерине, ачык-айкындуулукка, жалпы адамдык баалуулук приоритеттерине, адамдын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, инсандыктын эркин өнүгүүсүнө карап ишке ашырылат.

9.2. Мектептин эң жогорку башкаруу органынын функцияларын Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы ишке ашырат.

 

Мектептин эң жогорку башкаруу органынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

 

-Уставды бекитүү, Мектептин Уставына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү;

-Мектептин ишинин негизги багыттарын аныктоо (анын ичинен билим берүү), окуу пландарын бекитүү жана алардын аткарылышы тууралуу отчёттор;

-КР Эмгек кодексинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган башка себептер боюнча директорду бекитүү (дайындоо жана чакырып алуу;

-Мектептен, акча каражаттарынын түшүшү жана чыгымы тууралуу жылдык жана ар кварталдык отчётторду, мектептин иши тууралуу маалыматты алуу;;

-Мектепти материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу.

 

9.3. Мектепке түздөн түз жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте дайындалган Директор ишке ашырат.

 

9.4. Мектептин директору:

 

-Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, орто жалпы билим берүү жаатында ченемдик укуктук актыларды сактайт жана аткарат;

– педагогикалык коллективге жетекчилик кылат;

– Мектептин штаттык ырааттамасын бекитет жана кадрларды туура тандоону жана дайындоону камсыз кылат;

-өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде баардык кызматкерлер жана окуучулар аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

-Мектептин кызматкерлерин ишке алууну жана иштен бошотууну жүзөгө ашырат;

-райондук билим берүү борборунун макулдашуусу боюнча УВР боюнча директордун орун басарын дайындайт жана чакырып алат.

-эксперттик комиссия жана мектептин профсоюздук комитети менен макулдашуу боюнча  эмгек акысынын ички жоболорун жана кызматкерлер үчүн сыйлык акыларды бекитет;

– насыя бөлүштүрүп жана эсептик жана каржылык документтерге эң биринчилерден болуп кол коюу укугуна ээ;

– бюджеттик жана атайын каражаттардын чыгашаларынын сметасын бекитет,- чыгаша сметасынынын пайдаланышы боюнча отчётко жана баланска кол коюп жана бекитет;

-мыйзамдарга жана ушул Уставка ылайык ишеним катсыз Мектептин атынан баардык органдарда, мекемелерде жана ишканаларда катышат, ишеним кат берет, Мектептин  банк эсебин ачат жана келишим жана контракттарды түзө алат.

-мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен Мектеп  ажыратууга же башкарууга укуктуу, ыкчам башкаруу укугунда Мектепке бекитилген мүлктөн башка да мектеп мүлкүн башкарат;

-бекитилген чыгымдардын сметаларына ылайык мектепти өз убагында жана толук каржылоо, каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоону ишке ашырат;

-мектептин педагогикалык кызматкерлеринин чыгармачылык жаткан өсүүсү үчүн шарттары түзүү, алар менен алдынкы формаларды жана окутуу жана тарбиялоо методдорун колдонуу, педвгогикалык эксперименттерди ишке ашырат;

-окуучуларды кабыл алуу, чыгаруу, которуу жана кайра орноштурууну уюштурууну ишке ашыруу, окуунун коопсуз шарттарын түзүү боюнча материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча иш-чараларды жүргүзөт;

-кошумча билим берүү кызматтарын берүү тартибин жана шарттарын аныктайт ;

-окуу-тарбия иштерин, жетишкендиктерди, билим сапатын, окуучулардын жүрүм-турумун, класс ичинде жана класстан тышкаркы иштерди тутуу жана уюштурууну, педагогдордун ишин, аны менен катар сабактарга катышуу жолу менен окуу сабактарынын башка баардык түрлөрүн жана тарбиялоо иш-чараларын  контролдоону окуу-тарбия иштери боюнча орун басар менен биргеликте ишке ашыруу;

-өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык башкада функцияларды аткарат.

 

9.5  Мектептин директору Кыргыз Республикасынын мыйзамы  жана ушул Устав менен каралаган өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык ата-энелер жана мамлекет алдында, коом жана педагогикалык, финансылык жана башка иштер үчүн уюмдаштыруучу алдында жеке жоопкерчиликти тартат.

 

9.6. Директордун орун басарларынын жана мектептин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары ушул кызмат адамдарынын функционалдык милдеттери жөнүндө Жобого ылайык директор менен аныкталат.

 

9.7. Мектепте өз алдынча башкаруу формасы болуп, педагогикалык, илимий-методикалык жана көзөмөлчүлүк кеңеши, эмгек жамаатынын жалпы жыйыны, жалпы мектептик ата-энелер комитети жана окуучулардын өз алдынча башкаруусу эсептелет.

 

9.8 Мектептеги  өз алдынча башкаруу органдары (педагогикалык кеңеш, илимий-методикалык кеңеш жана көзөмөлчүлүк кеңеши, эмгек жамаатынын жалпы жыйыны, жалпы мектептик ата-энелер комитети) окуучулардын бирдиктүү формасын жана ар кандай өзгөчө белгилерди аныктай алат.

 

9.9 Мектептин Көзөмөлчүлүк кеңеши юридикалык жактан статусу жок өз алдынча башкаруунун шайланган органы болуп эсептелет жана ушул Уставдын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы көзөмөлчүлүк кеңештери жөнүндө” жобонун жана “Коомчулуктун мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билиминин системасында билим берүү уюштурууну башкарууда катышуу тууралуу” жобонун негизинде иш алып барат.

 

9.10 Көзөмөлчүлүк кеңештин ишинин негизги максаты болуп мектептин ишине коомдук контролдоону ишке ашырууда жарандардын катышуусун камсыз кылуу, мектептин коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууну, анын уставдык функцияларын ишке ашырууда колдоо көрсөтүүнү, материалдык-техникалык жана окуу базасын, окуу-тарбия жана инновациялык процесстерди жакшыртууга багытталган уюмдардын жана айрым жарандардын аракеттерин бириктирүүнү, ошондой эле  бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды пайдалануунун айкындуулугун камсыз кылуу.

 

9.11. Көзөмөлчүлүк кеңеш окуучулардын ата-энелеринен  (мыйзамдуу өкүлдөрү), жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнөн (коомдук бирикмелер, фонддор, мамлекеттик эмес мекемелер, юридикалык жана башка уюмдардын биримдиги), бизнес-ассоциациялар, кесиптик бирликтер, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

 

9.12. Окуу-тарбия процесстерин өнүктүрүү жана жакшыртуу, мугалимдердин жана класс жетекчилердин кесиптик чеберчилигин жана чыгармачылык өсүүсүн жогорулатуу максатында Педагогикалык кеңеш – мектептин директорунун төрагалык кылуусунда, мектептин педагогикалык кызматкерлерин бириктирген коллегиялык орган иш алып барат.

 

 

Мектептин Педагогикалык кеңеши (мындан ары  текст боюнча Педкеңеш) мектептин баардык педагогикалык кызматкеринен турат. Педкеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

-мектепте окуу-тарбия процесстеринин абалын, мугалимдердин кесиптик деңгээлин, мектептеги ар бир окуучунун билимин, адебин жана өнүгүүсүн диагностикалоо;

-бүтүрүүчү эмес класстардын окуучулары үчүн орто-аралык аттестация жүргүзүү тартибин аныктоо;

-9-11 класстардын окуучуларынын жыйынтыктоочу аттестациясын өткөрүү үчүн предметтердин санын аныктоо;

-предметтер боюнча 1 академиялык карызы бар окуучуларды кийинки класска шарттуу которуу;

-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча 2 же андан көп академиялык карызы бар окуучуларды кийинки окуу жылына калтыруу;

-билим берүү программаларын толук көлөмдө өздөштүргөн окуучуларды кийинки класска которуу;

-окуу-тарбия процесстерин жакшыртуу жана анын жогорку сапатын камсыз кылуу менен байланышкан педагогикалык көйгөйлөрдү чечүү;

-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестация жүргүзүүнү уюштуруу жана ишке ашыруу;

-мектептин директорунун, анын орун басарларынын, ШМО жетекчилеринин жана башка педагогикалык кызматкерлеринин отчётторун угуу жана алардын иштерин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

-Мектептин ишин токтотуу (кайра уюштуруу, жоюу) байланышкан маселелерди кароо;

Мектептин Педагогикалык кеңеши зарыл учурда директор тарабынанчакырылат.

 

9.13. Мектептин Усулдук кеңеши ( мындан ары – текст боюнча Усулкеңеш) мектептин тажрыйбалуу педагогикалык кызматкерлеринен, ошондой эле окуу-тарбия  процессин усулдук камсыз кылууну, педагогикалык кадрлардын усулдук окуусун уюштуруу жана координациялоо үчүн билим берүү жаатындагы илимий кызматкерлерден жана адистерден турат. Усулкеңештин алдында предметтик жана башка бирикмелер жана топтор түзүлүшү мүмкүн. Усулкеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

 

– окуу-тарбия  процессин усулдук камсыз кылуу абалын жана мектептин усулдук иштерин диагностикалоо;

-чыгармачыл топтордун жана мугалимдердин башка бирикмелеринин ишин түзүү жана уюштуруу;

– окуу-тарбия  процессин усулдук камсыз кылуунун жана педагогикалык кадрлардын усулдук окуусунун максаттарын жана милдеттерин  түзүү ;

-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун усулдарын, мазмунун жана формасын аныктоо;

– педагогикалык кадрлардын усулдук окуусун пландоону, уюштурууну жана жөнгө салууну ишке ашыруу, анын жыйынтыгын талдоо жана балоо;

-мектеп жамаатынын ишин жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгуу жана аткаруу;

-айрым педагогдордун отчётторун угуу, алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;

-кызматкерлерди жана окуучуларды сыйлыктар жана ардактуу наамдар менен сыйлоо, энчилүү стипендияларды аныктоо тууралуу, ошондой эле аларга үстөк төлөө тууралуу сунуштарды кароо.

 

9.14 Мектепте коомдук уюм катары класстык жана жалпы мектептик ата-энелер комитети бар. Алар балдарды окутуу жана таврбиялоо иштеринде үй бүлө жана мектептин аракеттерин бириктирүүдө көмөк көрсөтөт, социалдык жактан коргоо алынбаган окуучуларды аныктоо жана коргоодо жардам көрсөтөт.

9.15. Ата-энелер комитети саны үч мүчөдөн кем эмес жалпы класстык жыйналышта шайланат. Жалпы класстык жыйналышта жалпы мектептик ата-энелер комитетинин төрагасы шайланышы мүмкүн.

9.16. Ата-энелер комитетинин шайланган өкүлдөрү жалпы класстык ата-энелер комитетин түзөт. Жалпы класстын ата-энелер комитетинин төрагасы Педкеңештин мүчөсү да болуп саналат.

9.17 Жалпы класстык ата-энелер комитети:

 

-ар кандай формадагы социалдык жардам көрсөтүү зарыл болгон окуучулардын тизмесин бекитет жана талапкерлерди талкуулайт;

-Мектепте коргоо зарылчылыгы жөнүндө чечим кабыл алат;

-Мектептин окуу жана материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жардар берет;

-мектептин жашоосунун маселелерин талкуулайт жана сунуш түрүндө чечим кабыл алат;

-ата-энелер коомун Мектептин жашоосуна активдүү катышууга жана класстан жана мектептен тышкаркы иштерди уюштуруугатартуу.

9.18 Мектепте ыктыярдуу негизде окуучулук өз ара башкаруу органы жана окуучулук уюм түзүлүшү мүмкүн. Мектеп окуучулук уюмдардын өкүлдөрүнө зарыл болгон маалыматтарды берет жана окуучулардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулоодо Мектепти башкаруу органдарынын жыйындарына катышууга жол берилет.

 

 

 

  1. Каржылоо булагы жана каражаттарды пайдалануу тартиби

 

 

10.1. Мектептин негизги каржы каражаттарынын булагы:

– республикалык жана жергиликтүү бюджеттик каражаттар;

– башка физикалык жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары;

– өндүрүмдү жана кызматты ишке ашыруудан, андан тышкары уруксаат берилген көзкарансыздык иш-аракеттерден келип түшкөн киреше;

– көрсөтүлгөн кошумча акылуу окуу кызматынан алынган ата-энелерден түшкөн каражат;

– эл аралык уюмдардан гранттар;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

10.2. Мектепти каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен, киши башына бюджеттик каржылоонун минималдуу стандартынын негизинде каржылоо бир окуучуну эсепке алуу менен билим берүү мекемесинин тибине жараша жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

10.3. Мектеп финансылык каражаттарын өз алдынча тескейт. Мектепкызматкерлерге эмгек акынын (кызматтык маяна) ставкаларын билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын чегерүү тартиби жөнүндө Нускаманын (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июнундагы №270 токтому) негизинде белгилейт,үстөк акылардын, кошумча акылардын жана башка кызыктыруучу төлөмдөрдүн түрлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктайт, эмгек акыга бөлүнгөн каражаттар, ошондой эле штаттык расписание жана кызмат милдеттерин бөлүштүрүүнү өз алдынча тескейт.

 

10.4 Мектеп, эксперименталдык аянтча режиминде иштөө менен мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык бюджеттен кошумча каржылануу укугуна ээ.

 

 

  1. Ушул Уставга өзгөрүүлөрдү жана кошумчалоолорду кабыл алуу

 

11.1. Ушул Уставга өзгөрүүлөрдү жана кошумчалоолорду эмгек жамаатынын жалпы жыйынында кабыл алынып, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген тартипте катталат.

 

XII. Жалпы билим берүү мекемесинин иш-аракеттерин көзөмөлдөө

 

12.1. Мектептин иш-аракеттерин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Уставдын аныкталган тартибинде ишке ашырылат.

 

XIII.Мектептин иш-аракеттерин токтотуу

 

13.1. Мектептиниш-аракеттери жоюлуу түрүндө же кайрадан уюштурууда, (кошулуу, биригүү, бөлүнүү, бөлүнүп чыгуу, жаңылануу)уюштуруучунун же соттун чечими менен токтотулушу мүмкүн.

13.2. Мектеп жоюу же кайрадан уюштурууда, эрежеге ылайык, окуу жылынын аягында уюштуруучу окуучулардын ата-энелери (алардын ордун ээлеген башка адамдар) менен макулдашуу жүргүзүп, башка билим берүү мекемесине которууну өз жоопкерчилигине алат.

13.3. Жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган тартипте жоюу боюнча комиссия менен жүргүзүлөт.

13.4. Мектептин иш алып баруу процессинде келип чыккан документтер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.

 

 

Мектептин директору                                   Иманалиева Д.К.