Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Ата-энелерге

Ата-энелерге

Аралыктан (дистанттык) окутуу мезгилинде ата-энелерге методикалык, психологиялык

жардам көрсѳтүү боюнча атайын нускама

 

УРМАТТУУ  АТА-ЭНЕЛЕР!!!

Балдар мектепте окуганда бардыгы түшүнүктүү эле: балага керектүү окуу каражаттарын, мектеп формасын алып берип, өз убагында сабагына барып келчү. Үйдө ата-энелер үй тапшырмасын аткарганын гана көзөмөлдөп келген. Бүгүнкү кырдаалда пандемияга байланыштуу аралыктан окутуу процесси бардыгыбызга жаңы нерсе болду. Дистанттык окутууда ата-энелердин ролу чоң. Быйылкы жаңы окуу жылынын биринчи чейреги да аралыктан окутуу формада жүрүүсү мүмкүндүгүнө байланыштуу, Сиздерге окуучулардын билим алуусун уюштуруу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:

 

Биринчи кадам. Жагымдуу чөйрө жаратуу

 

Аралыктан окутуу процесси башталганда үй-бүлөдө жагымдуу психологиялык чөйрө жаратуу балдардын кызыгуусун, билим алууга болгон шыгын ойготот. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн (чоң ата-чоң эне, бир туугандар) бардыгы үй-бүлөдө окуу процессине активдүү катышуусу максатка ылайыктуу.

 

        Экинчи кадам. Шарт түзүү

 

Балдардын мыкты окуусу үчүн сабак даярдоочу атайын бөлмө же орун даярдап, аны стол, стул, жетиштүү жарык (стол лампасы) жана керектелүүчү окуу куралдары менен камсыздоо зарыл. Айрыкча сабак даярдоочу бөлмө санитардык-гигиеналык талапка жооп берип, таза аба болушу шарт.

 

        Үчүнчү кадам. Керектүү каражаттар менен камсыздоо

 

Аралыктан окууга керектүү зарыл техникалык каражаттар: телефон же планшет, ноутбук же компьютер менен камсыздоо керек. Эң башкысы техникалык каражаттардын сапаттуулугуна,  балдар үчүн коопсуз экендигине ата-эне маани берүүсү шарт. Бир үй-бүлөдө 3-4 окуучу окугандыктан, онлайн сабактар бир мезгилге туура келип калса, мүмкүн болушунча ар бирине  өзүнчө зарыл болгон техникалык каражаттарды алып берүүгө аракеттенүү керек.

 

Төртүнчү кадам. Күн тартибин туура пландаштыруу.

 

Үй-бүлөдө аралыктан окуу процесси башталган учурда балдардын “Күн тартибин” жана сабактардын жадыбалын мугалимдер, класс жетекчиси менен макулдашып, түзүп, көрүнүктүү жерге илип жана аларды ошого таянууга үйрөтүү зарыл. Күн тартибинде балдардын сабак даярдоосу, китеп окуусу, эс алуусу, зарылдыкка жараша күндүз жарым саат же бир саат уктоосу, таза абада жүрүүсү, эмгек тарбиясын алуусу  эске алынышы зарыл.

 

        Бешинчи кадам. Сабактардын жадыбалы.

 

        Телеканалдардан бериле турган сабактардын бир жумалык, мектеп мугалимдери тарабынан өтүлүүчү онлайн сабактардын, кайтарым байланыштардын ийкемдүү жадыбалын түзүп, баланын сабак даярдаган бөлмөсүнө илип, ата-эне тарабынан көзөмөл жүргүзүлүшү шарт. Телесабактарды өз убагында көрө албай калган учурда атайын билим берүү порталына, ютуб каналдарына жүктөлгөн сабактар ата-энелердин жардамы менен балдарга камсыздалышы керек.

 

        Алтынчы кадам. Балдар үчүн тыныгуу.

 

Сабактардын аралыгында 15 мүнөттүк тыныгууну уюштуруп, таза абага чыгарып, бир туугандары менен ойноого, гимнастика жасоого, эс алууга шарт түзүү максатка ылайыктуу. Айрыкча балдар үчүн гимнастика кан айлануусун жакшыртып, мээнин кабыл алуусу үчүн абдан маанилүү. Окуучулар үчүн шириндиктер, мөмө-жемиштердин ширелери же суу столдун үстүндө турушу өтө маанилүү.

 

        Жетинчи кадам. Балдар эмнени билиш керек?

 

Билим берүү программалары, платформалар,  пландар, андан тышкары ар бир предметтен балдар эмнелерди маалымат катары алыш керек, балдарда кайсы кѳндүмдѳр калыптанышы керектиги тууралуу маалыматтарды  ата-энелер билип алышы шарт. Анткени ата-энелер балдарды ал көндүмдөргө багыттап, өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт.

 

Сегизинчи кадам. Балдарды шыктандыруу.

 

Балдарды жакшы окууга ата-эне ар дайым шыктандырып туруусу зарыл. Мисалы: үй тапшырмаларын жакшы аткарса, жакшы баа алса,  ошону белгилеп, сүйүндүрүп, бааларын кагазга жазып илип коюп, үй-бүлө мүчөлөрүнө айтып, шыктандыруу. Ата-эне баласы менен бирге кубанып, эпидемия убактылуу экендигин эскертип,  буйруса бул кырдаал таркап кетсе, кадимки жандуу окуу процесси башталарын айтып, эскертип, баланын үмүтүн  сактап калышы керек.

 

        Тогузунчу кадам. Телесабак, үй тапшырма, кайтарым байланыш…

 

Балдардын телесабактардан тышкары өз алдынча үй тапшырмасын аткаруусуна көз салуу, тапшырмалардын көлөмүн, берилишин жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө. Айрыкча кайтарым байланышка маани берүү, балдардын китеп окуусун уюштуруу маанилүү.

         Урматтуу ата-энелер, балдар телевизор, интернет, телефондон чарчайт, тажайт, ошондуктан сөзсүз алардын столунда тиешелүү предмет боюнча окуу китеби болуп, балдар түштөн кийин, кечинде  үй тапшырмасын аткарганда, окуу китеби менен даярдануусуна да шарт түзүү зарыл.

 

        Онунчу кадам. Балдарды үйдө жалгыз калтырбоо.

 

Балдарды моралдык жактан колдоп, эч качан өзү жалгыз калуусуна жол бербөө керек. Мүмкүн болсо балдарды өзүн жалгыз үйдө калтырып кетпегенге аракеттенүү зарыл. Аларды классташтары менен, бир туугандары менен, кошуна балдары менен телефон аркылуу, же мүмкүнчүлүк болушунча коопсуздук эрежелерди сактап, байланышына шарт түзүп берүү керек. Ата-эне жана окуучу класс жетекчи менен байланышып туруусу да жакшы натыйжа берет. Окуучунун өзүнүн классташтары менен  байланышып, тапшырмаларды тактап, ой бөлүшүп турушу да өзгөчө мааниге ээ.

 

        Он биринчи кадам. Бала мектепке окуса эмне кылуу керек?

 

Мектепте  айрым класстар реалдуу режимде окууга келе турган болсо, ата-энелер балдарына керектелүүчү шарттарды түзүп берүүсү шарт. Керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыз кылуу керек. Ар күнү ата-энелер балдарын мектепке алып келгенде, класс жетекчисине ден соолугу жөнүндө айтып: баланын дене табын өлчөп, жакшы болсо, тапшырып кетүүсү керек. Эгерде баланын дене табы жогору болсо, ал күнү мектепке алып келбөө шарт