Тарбия иштери боюнча шаардык семинар болду
2023-жылдын 29-апрелинде Улуттук баалуулуктардын мектепте колдонулушу” аталышында тарбия иштери боюнча шаардык семинар болуп өттү. Семинар конокторду тосуп алуу менен башталды. Андан соң Мектеп менен таанышуу болду. Чач тарач, машыгуу залы, бий залы, тигүү бөлмөсү менен таанышышып, семинардын концерттик бөлүмүнө киришти. Анда кыргыз бийи бийленип, “Манас” эпосунан хор менен “Манас” айтылып, “Манас” гимни ырдалып, мектеп жөнүндө презентация көрсөтүлүп, “Шырылдаң”, “Биринчи мугалим” повестинен сахналаштыруу болуп, “Бишкегим” ырын хор менен ырдашты. Семинардын экинчи бөлүмүндө класстык сааттар өтүлдү. Класстык саатты К. Ж. Токорова 11-класстарга “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” , Э. Ж. Зарипбеков “Конок тосуу маданияты, меймандостук”, А. М. Бердибекова “Кыргыз элинин улуттук оюндарынын тарбиялык орду”, Н. Ж. Стамбекова “Кыз адеби кымбат, уул адеби урмат” деген темаларда өтүштү. Семинарга Бишкек шаары боюнча тарбия завучтар, ЛРБББнын тарбия иштери боюнча башкы адиси К. Ж. Иманкулова, ШБББнын тарбия иштери боюнча башкы адиси Г. Ж. Турдубаева катышып, өздөрүнун ой пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында мектеп директору Д. А. Рысбекова сөз сүйлөдү. Андан кийин атайын даярдалган этнофуршеттен даам татышты.
Комментарии