Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби Бишкек шаарынын Ленин районундагы Жалил Садыков атындагы №84 орто билим берүү мектеби

Тарбиялык иштер

Бишкек шаарынын Ленин районунгдагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинин тарбия иштери боюнча маалымат

Бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдү тарбиялоо, мезгилдин талабына ылайык баланын өзгөчөлүктөрүнүн ар бир үй бүлөдө калыптануусунун негизинде жүргүзүүлөрү айкын.
Өсүп келе жаткан муундарды татыктуу тарбиялоо маселеси узак мөөнөттүү келечекке эсептелген стратегиялык маанидеги мамлекеттик жана коомдук эн зарыл милдет болуп саналат.
Мектепте тарбия ишин алып баруунун негизин, өзөгүн түзгөн эң пайдалуу жалпы психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөр менен ар бир мугалим тааныш болууга тийиш.
Үй бүлөдө жана мектепте бир бала менен болобу же балдардын тобу менен болобу, тарбия ишин жүргүзүүдө бул мыйзам ченемдүүлүктөрдү билүү зарыл. Буларды билүү тарбиячынын, класс жетекчинин ишин пландоодо абдан зарыл жана алардын ишинин жыйынтыгын талдоодо да керек. Чынында ата энелерде болсун, мугалим тарбиячыларда болсун, психологиялык жол жоболорго, психологиялык билимге анча маани бербей анын сөзсүз зарылдыгын этибар албагандар көп.
Биз тарбияланып жаткан баланын сырткы факторуна гана көңүл буруп, анын ички дүйнөсүндөгү толгоонулар менен кайгы капа,кубаныч өкүнүч менен иши жок, бала ички дүйнөсүз бир куурчак катары каралып калаарына көңүл бурбайбыз.
Көптөгөн үй бүлө өзүнүн экономикалык, айрыкча физикалык жетилүү этабында, ата энелердин бала тарбиялоодо ,аны бардык тараптан өстүрүү тенденциясын социалдык проблемага айландырып,өз баласынын жаш өзгөчөлүктөрүн, тарбиясын, келечегин эске албай туюмдук кайдыгер мамиледе болуусу улантулууда.Ушундай учурда ата эне менен баланын ортосунда бирин бири түшүнүү сезимдери жок болуп,өспүрүм сырттан авторитет издөө, ага багынуу проблемасы турат.Бул болсо жашы жете элек өспүрүмдөр арасында КР мыйзамдарын бузуу, наркомания,кылмыш иштери жана башка негативдүү
абалдардын пайда болуусун жаратууда. Ошондуктан, мектептерде жаш муундардын рухий дүйнөсүн байытууда, тарбиялоодо азыркы учурдун талабына ылайыкталып тарбия иштерин уюштуруу төмөндөгүдөй багыттарда иш чараларды жүргүзүп келебиз.

Мектептеги окуу тарбия иштери менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткаруу:
1.Ата энелер менен бирге иш алып баруу;
2.Окуучуларды жаман адаттан арылтууга карата жүргүзүлүүчү иш чаралар;
3.Класстык жана класстан тышкаркы уюштуруу иш чаралары;
4.Долбоорлор менен кызматташуу иш чаралары;
5.Өзүнүн чыгармачылыктарын өнүктүрүү иш чаралары;
6.Тартип бузууну алдын алуу,ИДН менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш чаралар;
7.Мектептин психологу менен кызматташуу иштери;
8. Соц. Педагог менен кызматташуу иштери;
9.Окуучулардын китепке кызыгуусун арттыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында китепканага тартуу;

Андан сырткары класс жетекчилер менен тарбиялык иштерди уюштурууда төмөнкү багыттарга көнүл бурулат:
• 1.Ден соолукту чындоо багыты
• 2.Интелектуалды өнүктүрүү багыты
• 3. Тартип бузууну алдын алууда аң сезимди калыптандыруу багыты
• 4.Үй бүлө менен иш жүргүзүү багыты
• 5.Жүрүм- туруму начар окуучуларга туура багыт берүү формалары

Ден соолук багыты
Максаты:
Окуучулардын физикалык, психикалык ден соолугун чыңдоого камкордук көрүү;
Ден соолукту чындоо багытында
1.Өспүрүмдөрдүн проблемалары боюнча(арак,алкоголь,насвай ж.б)
2.Мед.кызматкерлери менен жыныстык тарбия боюнча консултация
3. “Жаман адаттардан кутулуунун жолдору” деген темада аңгемелешүү
4.Дене тарбия мугалими менен бирдикте спорттук мелдештерди уюштуруу

2.Интелектуалдык өнүктүрүү багытында
Максаты:
Окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүү,рационалдуу, натыйжалуу ой жүгүртүүгө үйрөтүү, интелектуалдык потенциалын жогорулатуу;

1.Акыл тарбиясы боюнча иш чараларды уюштуруу
2.Мектептен сырткаркы долбоорлор менен кызматташуу
3.Өзун өзу өркүндөтүүгө шарт тузуу
4.Психолог менен бирдикте окуучулардын интелектуалдык онугуусу боюнча коррекциялык иштерди уюштуруу
5.Предметтик мугалимдер менен кызматташуу

3.Тартип бузууну алдын алууда ан сезимди калыптандыруу багыты
Максаты:
Окуучуга укуктук нормалар жөнүндө билим берүү, коомго, адамга, мамлекетке карата укуктук билимдин негизинде өз алдынча мамиле түзүүгө үйрөтүү;
1.Башкалардын укугун сыйлоого,өз укугун билүүгө үйрөтүү
2.Укуктук уюмдар менен кызматташуу
3.Укуктук тарбия боюнча ар кандай маселелерди чечүүгө үйрөтүү
4.Укук жумалыгын өткөрүү
5.Укуктук структурада иштеген,закондун тартибин билген кызматкерлер менен жолугушуу уюштуруу
Үй бүлө менен жүргүзүлгөн иш багыты
Максаты:
ата – эне менен педагогдордун кызматташуусу аркылуу окуучунун адамдык сапаттарын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү аракет этүү;
1.Мектептин жана класстын турмушуна активдүү катышууга ата-энелерге дем берүү
2.Тегерек стол,конференция, диспуттарды өткөрүү
3.Ата-энелер конференциясын уюштуруу
4.Ата-энелер менен жекече иш алып баруу
5.Окуучулардын соц.абалы менен таанышуу
Журум туруму начар окуучуларга туура багыт беруу формалары;

1.Укук бузууга өбөлгө болгон факторлорду,шарттарды жок кылууга аракет кылуу
2.Мектептен тартип бузгандарды учетко алуу
3.Аң сезимин агартуучу иш-аракеттерди жүргүзүү
4.Ийримдик иштерге тартуу

• Ушул багыттардын негизинде мектепте жылдык тарбиялык план түзүлөт. Жыл башында класс жетекчилерди план менен тааныштырып алардын кызыгууларын эске алуу менен тарбиялык ачык сааттын темалары бөлүнүп берилет. Бөлүнүп берилген темалар боюнча жаш өзгөчөлүгүнө карап ар бир класста бир жылдык график түзүлөт. График боюнча класс жетекчилер тарбиялык сааттарды,тегерек столдорду, конференцияларды өткөзүп беришет.
• Бул багыттарда жургузулгөн иштердин жыйынтыгы биринчиден тарбиялык ачык сааттар өтүлөт. Окуучу менен класс жетекчи тыгыз байланышта даярданышат. Ата эне менен класс жетекчинин байланышы бекемдейт.
• Класс жетекчи жылдын аягында тарбия ишин кандай багыттарда уюштурду жана жыйынтыгында кандай натыйжа алды?