Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу жана Ак калпак күнү
Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинде 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнүнө жана 5-март – Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сариев Улан Алмазбекович, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Джунусова Айзада Самудиновна, Ленин райондук Билим берүү борборунун директору Темирканова Таалайкүл Эмилбековна, Ленин райондук Билим берүү борборунун тарбия иштери боюнча башкы адиси Иманкулова Калбүбү Жакыбалиевна катышты.
Иш-чаранын жүрүшү кыргыз бийи менен ачылып, Гимн ырдалды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусун алып чыгуу үчүн атайын рапорт берилип, Тууну “Милициянын жаш досу” бөлүкчөсүнүн окуучулары жана “Эр жигит” кароо сынагынын жеңүүчүлөрү көтөрүп чыгышты. Туунун артында Ак калпактарды көтөргөн “Милициянын жаш досу” бөлүкчөсүнүн кыздар курамы болушту. Туунун көлөмү узуну 5 метр, туурасы 3 метрди түзөт. Тууну көтөрүп бараткан учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилгендиги тууралуу жана авторлору С.Иптаров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, Э. Айдарбеков, М. Сыдыковдор экендиги жөнүндө маалымат окулду. Ошону менен катар 5-март – Ак калпак күнү 2016-жылдан бери официалдуу түрдө белгиленери айтылды жана атайын жасалган калпактар көргөзмө катары коюлду. Калпактар өңүнө, көлөмүнө жараша тизилди. Эң чоң калпактын бийиктиги 1 метр, (жалпы көлөмү 9,5 метр куб).Андан сырткары дагы 4 чоң калпак коюлду. Башталгыч класстын 1-3-4-класстарынын 150 окуучусу хор менен Манас айтышты. Андан сырткары мектептин “Жеткинчек” хор ийриминин окуучулары Манас Гимнин, Ак калпак жөнүндө жана Кыргызстан жөнүндө ырларды хор ырдашты. Аягында конокторго сөз берилип, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Комментарии