Акыркы коңгуроо
2023-жылдын 25- майында Акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи болуп өттү. Ага 1-9-11-класстын окуучулары, мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, ата-энелер катышты. Мектепти 11-класстан 5 класс, 9-класстан 6 класс бүтүп жатат. Иш-чара кыргыз бийи менен башталып, андан соң, бүтүрүүчүлөрдү тосуп алуу болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды. Мектеп директору Д. А. Рысбекова бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзүн айтып, грамоталарды Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңерген мугалими Д. К. Иманалиева сөз сүйлөп, окуучуларга грамоталар тапшырылды. 5-д классынын окуучусу Алия Мамбеталиева “Акыркы коңгуроо” ырын ырдады. Ленин райондук балдар чыгармачылык борборунун “Келечек” бийчилер ансамблынын биздин мектептеги базасынын алгачкы бүтүрүүчүлөрү коштошуу вальсын аткарышты. 1-класстын окуучулары тарабынан 11-класстарга карата куттуктоо ырларын айтышты. 9-11-класстын бүтүрүүлөрү мектеп вальсын бийлешти. Андан кийин 1-класстын окуучулары, 11-класстын класс жетекчилери вальс бийлешти. Мектеп президенти Айткулова Саадат, мектептин сыймыктуу окуучусу Каныбекова Саламатка мектептин ачкычын тапшырды. Жыйынтыгында 11-д классынын окуучусу Азизов Азат “Окуучулук кайыгым” ырын, бүтүрүүчүлөр менен биргеликте аткарды. Аягында бүтүрүүчүлөр мектеп жашоосундагы акыркы сабагына киришти.
Комментарии