2023-жылдын 25- майында Акыркы коңгуроо салтанаттуу аземи болуп өттү. Ага 1-9-11-класстын окуучулары, мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, ата-энелер катышты. Мектепти 11-класстан 5 класс, 9-класстан 6 класс бүтүп жатат. Иш-чара кыргыз бийи менен башталып, андан соң, бүтүрүүчүлөрдү тосуп алуу болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды. Мектеп директору Д. А. Рысбекова бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзүн айтып, грамоталарды Кыргыз Республикасынын […]
26.06.2023 265
2023-жылдын 15-майында республикалык “Урааным Манас” конкурсуна Ленин районунан 2500 окуучу катышты. Анын ичинен 650 окуучу Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинен катышып, хор менен “Манас” айтышты.
26.06.2023 151
Ленин району тарабынан 2023-жылдын 18-19-майын Кой-Ташта “Мекен чеги” конкурсу болуп өттү. Ага биздин мектептин окуучулары катышып келишти. Жыйынтыгында эң жакшы катышышып, 1-орунду алышты. Ташкентке эс алууга команда мүчөлөрүнө жолдомо берилди.
26.06.2023 142
2023-жылдын 29-апрелинде Улуттук баалуулуктардын мектепте колдонулушу” аталышында тарбия иштери боюнча шаардык семинар болуп өттү. Семинар конокторду тосуп алуу менен башталды. Андан соң Мектеп менен таанышуу болду. Чач тарач, машыгуу залы, бий залы, тигүү бөлмөсү менен таанышышып, семинардын концерттик бөлүмүнө киришти. Анда кыргыз бийи бийленип, “Манас” эпосунан хор менен “Манас” айтылып, “Манас” гимни ырдалып, мектеп жөнүндө […]
14.06.2023 143
Ж. Садыков атындагы №84 орто мектебинин ичинде жана сыртында таштанды сортточу урналар коюлду. Бул урналар Эл аралык KOIKA уюмунун ыктыярчысы Сафия жана мектептин жаш активистери тарабынан демилгеленип, ишке ашырылды. Долбоордун максаты окуучуларга таштандыларды кайра иштетүүгө мүмкүн экендигин үйрөтүү. Урналар ар бир таштандынын сортуна карап, сыртына айнек үчүн өзүнчө, пластиктер үчүн өзүнчө, кагаздар үчүн өзүнчө, тамак-аш […]
18.04.2023 212
Ж.Садыков атындагы 84-жалпы билим берүү орто мектебинде 2023-жылдын 31-мартында эң жакшы окуган окуучуларды куттуктоо кечеси болуп өттү. Ага мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, 5-11-класстын окуучулары катышышты. Мамлекеттик ГИМН жаңырып, мектеп директору куттуктап, «Келечек» бий ансамблы бийлеп, окуучуларга грамоталар тапшырылды. Куттуктайбыз, сыйлыгыңар кут болсун, Башыңарга бакыт консун, кут консун. Желбиретип мекенимдин желегин, Ийгиликтин баары болсун, бүт болсун.
18.04.2023 143
2023-жылдын 17-мартында Ж.Садыков атындагы #84 орто мектебинде Нооруз майрамы башталгыч кыргыз класстар тарабынан белгиленди. Анда Самерден 3-класстар тарабынан оюну болуп өттү.
27.03.2023 129
Ж.Садыков атындагы #84 орто мектебинде 2023-жылдын 7-мартында Айымдардын Эл аралык майрамы белгиленди. Эртең менен парламент, тарбия завуч, уюштуруучу, 7-класстын класс жетекчилери мугалимдерди жагымдуу маанайда тосуп алышты. Жана ошондой эле 7-класстар өздөрүнүн концерттик программасын тартуулашты. Кесиптик бирлик тарабынан “Чамдагыла кыздар” конкурсу болуп өттү.
27.03.2023 155
Ж.Садыков атындагы №84 орто мектебинде 2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туу күнүнө жана 5-март – Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сариев Улан Алмазбекович, Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Джунусова Айзада Самудиновна, Ленин райондук Билим берүү борборунун директору Темирканова Таалайкүл Эмилбековна, Ленин райондук Билим берүү борборунун тарбия […]
17.03.2023 178
23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнө карата 6-класстын окуучулары, класс жетекчилери тарабынан уюштурулган иш-чара болду. Ага агай-эжейлер, окуучулар катышышты. Кесиптик бирликтин грамотасы менен Зарипбеков Эсенбек, Талантбек уулу Тариэл жана Карабеков Токон агайлар сыйланышты.
17.03.2023 143
Ж.Садыков атындагы #84 орто мектебинде 10-класстар тарабынан “Эр жигит” конкурсу болуп өттү. 1-орунду 10-б классы алды.
17.03.2023 133
2023-жылдын 18-февралында Ж.Садыков атындагы #84 орто мектебинин окуучулары Кой-Ташка барып, аскердин бир күндүк жашоосу менен таанышып келишти.
17.03.2023 130