Жаңы COVID-19 коронавирусу деген эмне?
COVID-19 же жаңы коронавирус (КоВ) — бул жакында эле ачылган коронавирустардын ичинен акыркысы тарабынан пайда болгон оору. «CO» «коронавирус» (corona), VI — «вирус» (virus), ал эми D — «оору» (disease) дегенди билдирет. Буга чейин бул дарт «2019-жылдын жаңы коронавирусу» же «2019-нКоВ» деп аталып келген. COVID-19 вирусу оор респиратордук синдромду (ТОРС) жана КДВОнун (курч дем вирустук ооруларынын) айрым типтерин пайда кылуучу вирустар таандык болгон вирустардын түркүмү менен байланышкан жаңы вирустан турат.
Жаңы коронавирустун симптомдору кандай?
Дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана энтигүү. Дарттын оор учурларында инфекция өпкөнүн сезгенишин же дем алуунун кыйындашын пайда кылат. Сейрек учурда оору өлүм менен аякташы ыктымал. Бул симптомдор COVID-19 караганда, көп кездешүүчү грипп же КДВОнун симптомдоруна окшош. Ошондуктан тигил же бул адамда COVID-19 бар экендигин тастыктоо үчүн анализ жүргүзүү талап кылынат.
Жаңы коронавирус кандайча жайылат?
Вирус түз байланышта, жөтөлүү жана чүчкүрүү учурунда аба аркылуу, ошондой эле вируска булганган жерлерди кармалагандан кийин бетке (көзгө, мурунга, оозго) кол тийгизүү аркылуу жугат. Коронавирус буюм-тайымдардын беттеринде бир канча сааттарга чейин жашай алат, бирок аны жөнөкөй эле дезинфекциялоочу каражаттар жок кыла алат.
Тобокелчиликке кимдер көбүрөөк дуушар болот?
Биз COVID-19 адамдарга кандай таасир эте тургандыгы жөнүндө күн сайын көбүрөөк билип жатабыз. Диабет жана жүрөк оорулары сыяктуу өнөкөт оорулары бар улгайган адамдар, коронавирустун оор симптомдорунун өөрчүү тобокелчилигине көбүрөөк дуушар боло тургандай көрүнөт. Бул жаңы вирус, азырынча биз анын балдарга кандай таасир этерин билбейбиз
Жуктуруп алуу тобокелчилигинен кандайча качууга болот?
Колду самын менен жана таза сууга тез-тезден жууп тургула. Эгерде самын жана суу жеткиликсиз болсо, колду жууганга арналган спирт камтылган дезинфекциялоочу каражатты пайдалангыла
Дем алуу жолдорунун гигиенасы – кездемеге же чыканактын бүгүлгөн жерине жөтөлгүлө жана чүчкүргүлө
Ооруп, грипп симптормдору бар адамдардан дистанция кармагыла
Сизде же балаңызда температура, жөтөл же ооругандын башка симптомдору болсо, медикалык кызматкерлерине кайрылгыла