Спортчуларды куттуктоо
2023-жылдын 10-февралында Ж.Садыков атындагы #84 орто мектебинде спортчуларды куттуктоо аземи болуп өттү. Ага Самбо боюнча дүйнө чемпиону, Орто Азиянын эки жолку чемпиону, КРдин самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, КРдин мамлекеттик “Даңк” медалынын ээси Карыяев Дайырбек Үмүтбекович, Бишкек шаардык Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөл департаментинин башкы адиси Деркембаев Уланбек Иманбекович, Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Бишкек шаарынын Ленин району боюнча куратору Бейшекеев Таалайбек Талантбекович келип катышты.
Комментарии