Манас күнү
2022-жылдын 4-декабрында Ж.Садыков атындагы #84 мектепте “Манас” күнү белгиленди. Ага мугалимдер жамааты, окуучулар катышты. Кечени 2-б классынын жана 9-ж классынын окуучулары Манас айтып башташты. Андан соң, 3-в класстын окуучулары Манас айтышты. 5-класстын окуучулары хор менен Манстан үзүндү айтышып, 7-класстын окуучулары Манас гимнин аткарышты. Кечени методика иштери боюнча директордун орун басары Калбүбү Бегалиева жыйынтыктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
Комментарии